«Айыл Банк» ААКсы «Жаңы жыл» акциясын өткөрүүдө

16.12.2020

«Айыл Банк» ААКсы чакан жана орто бизнести колдоого алуу максатында 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 28-февралына чейин «Жаңы жыл» акциясын өткөрө тургандыгын маалымдайт.

Акцияда төмөнкү продукттар боюнча пайыздык ченди төмөндөттүү:

- «Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү – Соода жана кызмат көрсөтүүлөр»;

- «Тиричилик» (керектөө кредиттери).

Мына ушул продукттар боюнча пайыздык чен сом менен жылдык 18 (он сегиз), ал эми АКШ долларында жылдык 10 (он) пайыз чегинде белгиленген.

*Натыйжалуу пайыздык чен сом менен - 19,81%,  АКШ долларында -10,80%

Акцияга тиешелүү суроолор боюнча Айыл Банктын жакын жайгашкан бөлүмдөрүнөн же болбосо (0 312  68 00 00) телефон номери аркылуу кеңири маалымат алууга болот.

← Тизме боюнча артка