Мобилдик банкинг

"AБ24" мобилдик тиркемеси – бул  24 саат бою мобилдик телефон аркылуу банктык эсептеги акча каражаттарын көз ирмем аралыгында, коопсуз жана ыңгайлуу шартта тескөөгө алууга өбөлгө түзгөн аралыктан банктык тейлөө платформасы.

"AБ24" аркылуу кардарлар банк кеңселерине келип отурбай, каалаган убагында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кардарлар үчүн тиркемеде кеңири мүмкүнчүлүктөр бар. Атап айтканда:

  • Бир эле учурда бир нече эсептерге – эсептешүү жана депозиттик эсептерге (ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебин кошо алганда), төлөм карттар, акча каражаттарына көз салып контролдоо жана эсептердеги калдыктарды текшерүү тутумуна туташуу;
  • Талап боюнча төлөнүүчү эсептерин, мультивалюталык жана депозиттик эсептерди, кредит алууга билдирмелерди онлайн шартында ачуу жана сунуштоо;
  • Банк кардарлары ортосунда алуучунун эсеп, карт же телефон номерлери боюнча акча которуулар;
  • Кыргызстандын каалаган банкынын Элкарт картына акча которуулар;
  • Эсептер, карттар ортосунда акча которуулар, депозиттик эсепти толуктоо;
  • Эсептен Кыргызстандын каалаган коммерциялык банкынын эсебине улуттук валютадагы клиринг жана гросс төлөмдөрдү ишке ашыруу;
  • Юридикалык жактарга которуулар жана  SWIFT тутуму аркылуу чет өлкө валютасында банктар аралык которуулар;
  • Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары - жеке адамдары үчүн "Береке" тутуму аркылуу акча которуулар;
  • Жеке адамдар үчүн Contact эл аралык акча которуу тутуму аркылуу которуулар;
  • Валюталар жана баалуу металлдар боюнча курстарга (катыш) тиешелүү маалыматтарды алуу;
  • Салык төлөмдөрү, мобилдик байланыш, коммуналдык төлөмдөр, интернет жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуларга 800дөн ашуун төлөмдөр;
  • Жакын жайгашкан тейлөө пункттар жана банкоматтар дареги боюнча маалыматтарды алуу;
  • Төлөөлөрдү тез арада, оңой ишке ашыруу үчүн төлөм үлгүлөрүн (шаблон) түзүү;
  • Биометрикалык маалыматтар (бармак басты, FaceID) боюнча операцияларды тастыктоо;

Мындан тышкары, бул тиркеме  аркылуу  финансылык каражаттар эсебин каттап, алардын чыгымдалышын көзөмөлгө алууга да болот.

Тиркемеге кантип туташууга болот?

  • Бул жерден коомдук оферта келишими менен тааныша аласыз;
  • 24.ab.kg сайтын ачыңыз да, Play Market же AppStore дүкөнүнөн "AБ24" тиркемесин жүктөп алыңыз;
  • Логин алуу үчүн паспорт менен Банктын бөлүмүнө барып, келишим түзүңүз же бул шилтеме аркылуу аралыктан идентификациядан өтүңүз: https://ident.ab.kg:9443/
  • Катталгандан кийин мобилдик телефонго SMS аркылуу пароль жөнөтүлөт, ошондон кийин тиркемеге кирүүгө болот;

  • Туташуу шарттарын бул жерден билүүгө болот;