Калайык-калкка алда канча ыңгайлуу жана коопсуз шартта интернет төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн АБ24 тиркемеси аркылуу Элкарт виртуалдык картын тариздетүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. Ал пластик карт катары чыгарылбайт, бардык маалыматтар (реквизиттер) мобилдик тиркемеде сакталып, карт боюнча маалыматтар SMS аркылуу жөнөтүлөт.
Элкарт виртуалдык карты — бул, интернет аркылуу сатып алууларга тез арада жана коопсуз шартта төлөө ыкмасы жана ал тезинен жана коопсуз шартта төлөп, убактысын үнөмдөөгө артыкчылык бергендер үчүн каралган .