Жаңылыктар

07.06.2017
“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов Минск шаарында өткөрүлгөн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөт аралык комиссиянын отурумуна катышты

2017-жылдын 5-6 июнунда “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов жана Насыялоо башкармалыгынын башчысы Мунарбек Шорохов Минск шаарында өткөрүлгөн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөт аралык комиссиянын жетинчи отурумуна катышты.

05.06.2017
“Айыл Банк” ААК электрондук акчаларды чыгарууга Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын лицензиясын алды

5-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия тапшырылды.

03.06.2017
Каракол шаарында “Айыл Банк” ААКтын каржылоосунун аркасы менен “Карагат” мейманканасы ачылды

2-июнь күнү Каракол шаарында “Карагат” мейманканасы ачылды. Мейманкананын ачуу аземине КРдин Премьер-министри Сооронбай Жеенбеков, “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов, Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, шаардын мэри, активисттери жана калкы катышты.

02.06.2017
“Айыл Банк” ААК AКИpress маалыматтык агенттиктин версиясы боюнча “Эң жакшы банк 2016” рейтингинде экинчи орунду ээледи

Бүгүн 2-июнь күнү AКИpress маалыматтык агенттик жыл сайын өткөрүлгөн “Эң жакшы банк 2016” рейтингин жыйынтыктады. Жыйынтыкталган рейтинг 5 негизги көрсөткүч боюнча даярдалды: суммардык активдер, жеке капитал, накта пайда, банктар боюнча накта насыялар жана депозиттик портфель, ошондой эле белгиленген методика боюнча эсептелген 5 салыштырмалуу көрсөткүч боюнча: накта пайда менен жеке капиталдын ортосундагы катыш, накта пайда менен активдердин ортосундагы катыш, кардарлардын накта насыялары менен милдеттенмелердин ортосундагы катыш, жеке капитал менен уставдык капиталдын ортосундагы катыш жана жеке капитал менен активдердин ортосундагы катыш.

01.06.2017
Электрондук акча боюнча кызмат өлкөбүздүн алыскы райондорунда дагы жеткиликтүү болот

2017-жылдын 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензияны “Айыл Банк” ААКка берүү жөнүндө чечимди кабыл алды.