“Айыл Банк” ААК Башкармасынын Төрагасы У.А.Букабаев Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жыйынына катышты

15.04.2021

Кыргыз Улуттук К.И. Скрябин атындагы агрардык университетте 2021-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынан Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү(АСЧАӨ) министрлигинин 2020-жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2021-жылга карата милдеттерди аныктоо боюнча иш-планын бекитүү маселесине арналган Коллегиялык жыйын болуп өттү.

Банк Башкармасынын Төрагасы У.А.Букабаев аталган министрликтин Коллегиясынын мүчөсү катары ал жыйынга катышып, кароого сунушталган маселелер боюнча ой бөлүшүп, берилген суроолорго жооп берди.

Эң оболу айыл чарбасын, кайра иштетүү багытын жана аймактарды өнүктүрүүнү каржылоо Банктын негизги миссиясы болгондуктан АСЧАӨ министрлиги менен Банк өз ара кызматташуу, иштеринин багыттары боюнча маалыматтар менен алмашып туруу тараптар үчүн өтө маанилүү жана негизги максатарына – аймактардын экономикасын өнүктүрүүгө, натыйжалуу жетишүүгө өбөлгө түзөт. (Коллегиянын жүрүшүнөн сүрөт)

← Тизме боюнча артка