Персонал менен иш алып баруу башкармалыгы Банктын Түптөгү филиалы үчүн юристтин кызмат ордуна талапкерди караштырып жаткандыгын билдирет.
Талапкерлерге карата минималдуу талаптар:
- жогорку юридикалык билиминин болушу;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жарандык (айрыкча банк иш өзгөчөлүгүнө тиешелүү) эмгек мыйзам талаптарын жакшы билүүсү;
- сот процессине жана аткаруу ишине тиешелүү жол-жоболорду билиши;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жоболорун билүүсү;
- юридикалык документтерди талаптагыдай тариздетүү эрежелерин жана жол-жоболорун жакшы өздөштүргөндүгү;
- кызматтык милдетин аткарууда мамлекеттик жана расмий тилдерди толук кандуу колдоно билиши.
Эмгек шарттары:
- Кыргыз Республикасынын эмгек кодексине ылайык белгиленет;
- Иш тартиби 5/2 саат 08:30- 17:30 чейин
Сурөтү менен кыскача таржымалын (резюме) 2022-жылдын 3-ноябрына чейин tologon.osmonov@ab.kg дарегине жөнөтүүгө болот.
Аралыктан банктык тейлөө башкармалыгынын Карт операцияларынын эсебин жүргүзүү бөлүмүнүн адиси кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдирет.
Талапкерлерге карата коюлуучу минималдуу талаптар:
- жогорку экономикалык билиминин болушу;
- банк системасында кеминде 1 жылдык эмгек тажрыйбасынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана бүтүндөй банк системасынын карт операциялары жагында кабыл алынган ченемдик актыларынын жоболорун билүүсү;
- кызматтык милдетин талаптагыдай аткаруусу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди жакшы билүүсү;
- (БАПБ ЖАК) “СМСте” иштей билүү жөндөмдүүлүгү;
- карт операцияларынын эсебин каттоо жагында билим деңгээлинин жана иш-тажрыйбасынын болушу;
- VISA, Mastercard, Элкарт төлөм стутумдарынын ченемдик документтерин жакшы билүүсү;
- бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүп, финансылык отчетту түзө билүүсү;
- тажрыйбалуу колдонуучу катары компьютерде жакшы иштей билүүсү талап кылынат.
Сурөтү менен кыскача таржымалын (резюме) azamat.torutaev@ab.kg дарегине жөнөтүүгө болот.