АЙЫЛ БАНК БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫНА КАТЫШТЫ!

20.03.2016

Уюштурулган экскурсия, банктар кантип иштегенин көрүүгө жана заманбап банк кызматтары менен туура пайдаланууну үйрөнүүгө окуучуларга мүмкүнчүлүк берди. Мындан тышкары “Акчаны туура үнөмдөп чогулт!” темасына бетачарлар, семинарлар, интерактивдүү сабактар жана конкурстар өткөрүлдү, мында акчаны үнөмдөп чогултуу маданиятынын жогорулатуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Банктын 32 филиалында, ошондой эле жергиликтүү мектептерде өткөрүлгөн иш чаралар көңүлдүү жана ынтымактуу чөйрөдө өттү, көптөгөн суроолор, тамашалар жана утуштар болду. Суроо-жооп оюндардын жана конкурстардын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. Мектептердин мугалимдери банктын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жаңы кездешүүлөр болооруна ишеним көрсөтүштү. Фестивалдын алкагында башка иш чаралар дагы пландаштырылды.

Ушул фестивалдын алкагында, Айыл Банктын кызматкерлеринин аркасы менен, өлкөнүн 800дөн ашык окуучусу каржы сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курсту өтүштү. Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы ар бир окуучуда жакшы ойлорду жаратты жана көңүлдө из калтырды деп жана алар келечекте КРдин каржы жагынан сабаттуу жарандары болот, деп ишенебиз.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын 14-мартынан 20-мартына чейин Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” (Global Money Week) фестивалы болуп өтүү. Бул жаштардын арасында каржы сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жылда өткөрүлгөн эл аралык билим берүү иш чарасы. Иш чаранын демилгөөчүсу балдарга жана жаштарга каржы билим берүү эл аралык уюму (Child & Youth Finance International) болду. Фестивалдын алкагында, бүткүл дүйнө боюнча балдардын жана жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу темасына конкурстар, оюндар, лекциялар, бетачарлар, ачык эшиктер күнү, тренингдер, дискуссиялар өткөрүлөт.

  

← Тизме боюнча артка