Айыл Банктын кызматкерлери ишембиликти өткөрүштү!

26.03.2016

Айыл Банктын кызматкерлери, кабинеттерден тышкары, автотоктотмону, гүл өстүрүлгөн клумбаларды жана ички короолорду тартипке келтиришти. Айыл Банктын жанындагы аймактардан жана кеңселерден тышкары, Банктын кеңселеринин жолдору да жыйнап тазаланды.

Аба ырайы ачык болгондуктан, ишембилик көңүлдүү жана ынтымактуу өттү. Иш чарага Айыл Банктын бардык кызматкерлери катышышты. Ишембиликтен кийин чай ичүүлөр болду, аны кызматкерлер өз эсебинен уюштурушту. Айыл Банктын ынтымактуу жамааты биргелешип иштегенди жана эс алууну дайыма кубатташат, ал Айыл Банкыбыздын жамааттык маанайын бекемдеп колдойт.

 

 

← Тизме боюнча артка