Айыл Банк Ош шаарынын Мэриясы менен биргелешип жеңилдетилген ипотекалык насыя долбоорун ишке ашырып жатат

15.03.2016

 Ушул программанын алкагында, түштүк борборунда жашаган 350дөн ашык үй-бүлө, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы Ош шаарынын мэриясына өткөрүп берген, көп батирлүү үйлөрдө батир түрүндө турак жайды жеңилдетилген шарттарында сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Долбоордун башка негизги максаты болуп, Ош шаарынын Мэриясына караштуу узак мөөнөттүү ипотекалык программаны түзүү үчүн, турак жай жана каржы фондун түзүү саналат. Ошентип, батирлерди сатуудан алынган каражаттар жаңы көп батирлүү үйлөрдү курууга жөнөтүлөт, алар, өз кезеги менен, ипотекага берилет.

Долбоордун социалдуу багытын эске алып, Банк өзүнүн кызматтарын акысыз көрсөтөт, пайыздык ченди көбөйтпөйт жана насыянын наркына өзүнүн операциялык чыгашаларын кошпойт.

 Ипотеканы ким алса болот?

Ипотеканы алууга алгачкы талапкерлер болуп бюджеттик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, анын ичинде төмөнкүлөр саналат: менчик турак жайы жок болгон билим берүү (орто мектептер, бала бакчалар), медицина кызматкерлери, социалдык чөйрөсүнүн кызматкерлери.

Ипотеканы алууга талапкерлерди тандоо үчүн, Ош шаарынын мэриясына караштуу атайын комиссия түзүлдү, анын курамына шаардын ар кайсы мекемелеринин өкүлдөрү кирди.   Коллегиалдуу орган, берилген документтердин негизинде, алуучуларды тандайт жана талапкерлердин тизмесин Айыл Банкка берет. Банк алардын төлөм кудуретин жана насыя тарыхын текшерет.

Ипотеканы кандай шарттарда алса болот?

Ипотеканын шарттары келечектеги карыз алуучулары үчүн максималдуу жеңилдетилген. Ипотека улуттук валютасында, 7 жылга чейинки мөөнөт менен, жылдык 10% менен берилет. Алуучунун алгачкы менчик салымы, ипотекага сатып алынган турак жайдын наркынан 30%дан кем эмес өлчөмдө болушу керек. Күрөө болуп сатып алынган турак жай саналат. Негизги бересени төлөп берүү боюнча 3 айга чейинки мөөнөт менен жеңилдетилген мезгил каралган.

«Ушул ипотекалык программа, менчик турак жайга муктаж болгон Ош шаарынын тургундары үчүн жакшы колдоо болуп саналат. Биринчи ипотекалык насыя үстүбүздөгү жылдын март айынын аягында берилет деп ойлойбуз», - деп, Айыл Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Эркин Асрандиев айтып берди.

100%га мамлекеттик банк болуп саналган Айыл Банк, ушул ипотекалык программанын негизги банк-агенти болуп саналат. Акыркы жылдары банк олуттуу ийгиликтерге жеткени, Айыл Банкты башкы каржы шериктеш катары аныктоонун негизги фактору болду.

 1.03.2016ж. карата Айыл Банк төмөнкү жыйынтыктарга жетишти:

Банктын активдери, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 1,5 эсе көбөйүп, 17,2 млрд. сомду түздү.
Насыя портфелинин өлчөмү, 2015-жылдын ушул эле мезгилине караганда 1,3 эсе көбөйүп, 10,2 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге насыялардын кайтаруу деңгээли 99%дан ашык болду.

Тема боюнча шилтеме: Айыл Банк долларлык насыяларды сомдук насыяларга конвертациялады (http://www.tazabek.kg/news:402977).

 

← Тизме боюнча артка