Айыл Банк Ош шаарында жаңы филиалды ачып, байгелерди тапшырды

22.01.2016

Айыл Банктын жаңы филиалы шаардыктардын көпчүлүгү жашаган районунда жайгашкан жана Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган. Филиал, банктык кызматтарынын толук тизмегин көрсөтүү үчүн заманбап технологиялары менен жабдылган.

“Биз аймактык тармакты көбөйтүү, банктык продуктыларды оптимизациялоо жана инновацияларды өндүрүү иштерин улантып, жана ошону менен бирге тейлөө сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатабыз.Элибиздин материалдык жыргалчылыгына  шарттарды түзүү биз үчүн абдан маанилүү” - деп, Директорлор Кеңешинин мүчөсү Улан Момбеков баяндап жатат.

Бүгүнкү күнгө Айыл Банктын аймактык тармагы Кыргызстандын бардык аймактарын камтыйт. Айыл Банктын 32 филиалы, 64 сактам кассасы жана 30 келип-кетүүчү кассасы, райондордо 19 насыялоо бөлүмү жана алыскы айылдарда 31 насыялоо бөлүмү бар.

Банк акыркы жылдары жакшы жыйынтыктарга жетишти: 01.01.2016-ж. карата банктын активдери, былтыркы жылдын ушул мезгилге караганда 1,5 эсе көбөйүп, 16,4 млрд. сомду түздү; насыя портфелинин өлчөмү, 2015-жылдын ушул мезгилине караганда 1,3 эсе көбөйүп, 10,1 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге насыялардын кайтарымдуулугу 99% түзөт.

Ош-Датка филиалдын ачылышына дагы бир олуттуу окуя кошулат – “Юнистрим” тутумунун акча которуулары боюнча акциянын жыйынтыктары боюнча кардарларга байгелерди тапшыруу. “Юнистрим” – бул акча которуулардын белгилүү эл аралык тутумдарынын бири. 

2015-жылы май айында башталган акция мезгилдин ичинде, банктын кардарлары которууларды жөнөтүп жана алып, которуулардын суммасы жана саны боюнча упайларды топтоп жатышат. Эң активдүү пайдалануучулар баалуу байгелерди алышат.“Ош-Датка” филиалынын ачылышында акциянын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды, анын ичинде  төмөнкү байгелер: ири турмуш-тиричилик техникасы: муздаткычтар,  “автомат” кир жуугуч машинкалары, чаң соргучтар, электр мясорубкалар, микроволналык мештер, жана эң башкы байге – эки адамга Дубаиге  саякат.

 “Ош-Датка” филиалы төмөнкү дарек боюнча орун алган: Ош шаары, Навои көч, н/ж. Филиал саат 8:30дан 17:30га чейин (кардарлар менен 9:00дөн 16:30га чейин) жумасына 5 күн иштейт.

 

← Тизме боюнча артка