Айыл Банк МКК Калкты тейлөө борборунда келип- кетүүчү кассаны ачты.

28.12.2015

 

 

 

 

 

 

Аламудун, Свердлов жана регионалдык райондор боюнча төлөмдөрдүн кабыл алуусун жана каттоосун МКК КТБ бириктирди. Калкка ыңгайлуу болуу үчүн Айыл Банктын жаңы келип-кетүүчү кассасы ачылды - МКК КТБ КК.

Азыркы учурга МКК КТБнын келип-кетүүчү кассасында төмөнкүлөрдүн пайдасына төлөмдүн 28 түрү кабыл алынат:

кыймылсыз мүлк боюнча МККга караштуу Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти;
паспорт боюнча МККга караштуу калкты жана жарандык абалынын актыларын каттоо департаменти (ЗАГС).

Жакында унаа боюнча МККга караштуу унаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин пайдасына төлөмдөр кабыл алынып баштайт.

Келечекте МКК КТБ КК төмөнкү кызматтардын көрсөтүүсүн пландаштырууда:

Эл аралык акча которууларды жөнөтүү жана алуу;
Кыргызстан боюнча акча которууларды жөнөтүү жана алуу;
Пайдалуу нарк боюнча валюталарды алмашуу;
“ЭЛКАРТ” улуттук төлөм картасы боюнча ар кандай операциялар;
Эсептешме-кассалык тейлөө.

Келип-кетүүчү касса дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт, түшкү дем алуу 12:30дан 13:30га чейин.

← Тизме боюнча артка