Айыл чарба кызматкерлерине арналган салтанат.

08.12.2015

Айыл чарба кызматкерлеринин күнү бир жерге жандандырган долбоорлорду, кооз жармаңкени жана Кыргызстандын бардык бурчтарынан келген дыйкан чарбаларын бириктирди.

Бул майрамдык иш чараны Кыргыз Республикасынын Вице премьер министри Аалы Азимович Карашев ачып, өлкөдөгү айыл чарбанын өнүгүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Ошондой эле айыл чарба тармагындагы алдынкы кызматкерлерин алкыш каттары менен сыйлады. Бул иш чара белгилүү артисттердин концерти менен жана катышуучулардын куттуктоолору менен аяктады.

Айыл Банк дагы ушул куттуктоолорго кошулат. Жана айыл чарба кызматкерлерине ден соолук, ийгилик жана ишинде жаңы бийиктерге жетүүнү каалайт!

← Тизме боюнча артка