Айыл Банк «Айыл Банк Борбор» жаңы филиалын ачты

07.12.2015

Жаңы кеңсенин ачуу аземине Бишкек шаарынын мэры Кубанычбек Кулматов катышып, Айыл Банктын жамаатын куттуктады. “Менин оюм боюнча, ушул кеңсе чыныгы борбордук болот, себеби Бишкек шаарынын кардарларын тейлейт. Бишкек шаарында бүткүл ири бизнес орун алган, бул жерде атаандаштыкка мейкиндик бар” – деп, мэр өзүнүн сөзүндө айтып кетти.” “Акыркы үч жылдын ичинде Айыл Банк өзүнүн потенциалын абдан көбөйттү: 2013-жылга караганда банктын активдери 2,4 эсеге, насыя портфелинин көлөмү 2,2 эсе көбөйдү” – деп, Айыл Банктын Директорлор Кеңешинин Төрагасы Кайрат Маматов белгилеп кетти. “Мамлекеттик банкты, мамлекеттик компанияны натыйжалуу башкарууга болот жана ал башка чет өлкөлүк компаниялар менен атаандаш боло алат дегенди далилдегибиз келет. Биздин кардарларыбыз жана шериктештерибиз аны өз көзү менен көрө алат. Ушул филиал Айыл Банктын филиалдарынын арасында гана эмес, Кыргызстандын банктык секторунда дагы үлгүлүү болушун каалаймын” – деп Айыл Банктын Башкармалыгынын Төрагасы Эркин Асрандиев жыйынтыктады.

Бүгүнкү күнгө Айыл Банктын аймактык тармагы Кыргызстанды толугу менен камтыйт. Айыл Банктын райондордо 31 филиалы, 66 сактам кассасы жана 22 келип кетүүчү кассасы, 19 насыялык бөлүмү бар жана алыскы райондордо 50 насыялык бөлүмү бар. Банк акыркы жылдары жакшы жыйынтыктарга жетишти: 01.11.2015-жылга карата, банктын активдери, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 1,6 эсе көбөйүп, 16,1 млрд. сомду түздү; насыя портфелинин өлчөмү 2014-жылдын ушул эле мезгилине караганда 1,4 эсе көбөйүп, 9,6 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге насыялардын кайтарымдуулугу 99%ды түзөт.

“Айыл Банк Борбор” филиалы Киев көчөсү 114/2 (Тоголок Молдо көч. тарабынан) дареги боюнча орун алган. Филиал 8:30дан 17:30га чейин жумасына 5 күн иштейт (кардарларды 9:00дөн 16:30га чейин тейлейт).

Филиал менен төмөнкү телефондор боюнча байланышса болот: (312) 88 15 84, 88 15 75.

← Тизме боюнча артка