5 сентябрдан тартып “Айыл Банк” ААКунун бардык филиалдарында жана Бишкек шаарынын негизги төрт базарында, Ортосай, Ош, Аламедин жана Дордойдо “Айыл Банктын” –Электрондук капчыгы “Берекенин” бет ачарлары өткөрүлөт.

04.09.2017

Бул иш чара Банктын жамаатынын узакка созулган ишине жыйынтык чыгарып, Кыргызстандын бардык аймактарына,  алыскы региондорду кошо, “Береке” электрондук капчыгын таратууга старт берет. Анткени Банкт 180 ашуун түйүндөн турган эң кеңири регионалдык тармакка ээ. Иш чара эртең мененки саат 10 до башталат. Анда Банктын башкармасынын Төрагасы башында турган мүчөлөрү, региондордогу филиалдарынын башкаруучулары жана Банктын кызматкерлери катышат. Алып баруучулар катары Бишкекте “Жарайт-Сити” мыскыл –тамаша сериалынын популярдуу актерлору   чыгышат.  Бет ачардын учурунда кызматкерлер “Береке”электрондук капчыгы , анын мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары жөнүндө айтып беришет, байгелер ойнотулат, викторина өткөрүлөт, ошондой эле каалоочулар түз эле ошол жерден өзүнүн электрондук капчыктарын каттата алышат.

Маалымат үчүн: “Береке” электрондук капчыгы  - бул жаңы муундагы төлөм системасы, чөнтөктөгү накта акчаны алмаштыра турган жана акчаны жана кайтарып берүүлөрдү саноо зарылдыгынан, акчаны жоготур ийүү коркунучунан кутултуучу ишенимдүү финансылык жардамчы.

Ыңгайлуу жагдайда, каалаган убакытта, кезекте туруунун зарылдыгынан кутулуу менен “Береке” электрондук капчыгынын пайдалануучулары коммуналдык кызматтарга,мобилдик байланышка, интернет кызматтарына, салык төлөмдөрүнө жана социалдык фонддун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшөт, Банктын “Элкарт” төлөм картасын толтурушат жана биздин кардарларга өтө маанилүү болгон насыяларды жаба алышат. Сиздер “Береке” капчыгындагы өз чыгымдарыңыздарды автоматтык  SMS кабарлоолордун жардамы менен контролдой аласыз.

 

 

 

← Тизме боюнча артка