Айыл Банктын туулган күнүнө карата эң жакшы куттуктоо конкурсунун жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды

17.08.2017

 

 

 

 

 

Банк Башкармалыгынын Төрагасы Мурат Акимов жеңүүчүлөргө  Банктын продуктыларына кызыкканы жана жарнама жасаганы үчүн ыраазычылык билдирип, байгелерди тапшырды.   Мындан тышкары Айыл Банктын башчысы азыркы учурда Банк Кыргызстандын үч эң жакшы банктын ичине кирерин жана келечекте өзүнүн позициясын мындан дагы бекемдөөгө умтуларын сыймык менен белгилеп кетти.

Конкурстун жеңүүчүсү Шайыр Атамирзаев Банктын жакшы көрсөткүчтөрүнө кубанычта болгонун белгиледи жана бизнестин ишенимдүү жардамчысы болуп, ошону менен бирге өзүнүн социалдык багытын сактап, чыныгы элдик банк болоруна ишеним көрсөттү. Сөзүнүн аягында жеңүүчү Банкка ишинде ийгилик, өсүп-өнүгүүнү, ушундай конкурстарды көбүрөөк өткөрүүнү каалап кетти.   

 

 

 

← Тизме боюнча артка