Юнистрим уюштурган “Белектер мезгили” байге акциясынын 5-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

07.06.2017

Бүгүн 7-июнь күнү Юнистрим уюштурган “Белектер мезгили” акциясынын 5-этабынын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды, бул акция 1-марттан баштап 30-апрелге чейин өткөрүлдү. Өткөрүлгөн акциянын эрежелери боюнча, акция өткөрүлүп жаткан бүт мезгилдин ичинде ар бир кардардын которуусу жана алуусу боюнча упайлар автоматташтырылган түрдө эсепке алынат. Жана эң көп упайды топтогон катышуучулар акциянын жеңүүчүсү болуп саналат. 5-этаптын жеңүүчүсү 2 адам болду.

Бишкек шаарынан 544 упайды топтогон Шералы Акбаров байгеге муздаткыч алды. 22 жаштагы кардардын аялы жана бир баласы бар. Ошондуктан ал активдүү иштеп, акча табышы керек. Ал акча которууларды тез-тез жөнөтүп алып турат. Ошону менен бирге ал дайыма “Юнистрим” акча которуулар тутумун колдонот, себеби ал үчүн жумуштан алыска баруунун кажети жок. Жумасына 2-3 жолу ал Дордой базарында жайгашкан “Дордой-Чимкент” сактык кассасына барып, акча которууларды жөнөтөт жана алат.

 

Ал эми Ош шаарында 700 упайды топтогон Мархабо Садыкова муздаткыч утуп алды.

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка