Балдарды коргоо күнүнө карата мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн Айыл Банктын атынан жакшылык эстафетасы же Алладдин шоу жана белектер

04.06.2017

Бишкек

2-июнь күнү “Айыл Банк” ААКтын башкы кеңсесинин жамааты мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактар үчүн шаардык реабилитациялык борборунун балдарына белектерди тапшырышты.

Азыркы мезгилде бул Борбордо 344 адам дарыланууда. Алардын ичинен 174 он сегизге толо элек балдар, ал эми 170 чоңдор. Балдар конокторго өз таланттар көрсөтүп, ыр ырдап бий бийлешти. “Айыл Банк” дагы четте калбастан, “Алладин” тобунун аниматорлорунун коштоосу менен шоу-программаны белек катары балдарга сунуштады, балдар ага активдүү катышты. Мындан тышкары майрамдык столго торттор жана таттуу белектер сунушталды.

 

Ошондой эле Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карта кайрымдуулук акцияларды “Айыл Банк” ААКтын филиалдарынын кызматкерлери дагы өткөрдү.

Чүй облусу

1-июнь күнү Сокулук районунун Маловодное айылындагы майып балдар үчүн реабилитациялык борбордо, КРдин Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкуль Исакунованын, зам аким Токтобүбү Ракимбаеванын, райондук билим берүү бөлүм башчысы Камчыбек Эмильбековдун катышуусу менен, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага “Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалынын жетекчиси Жаслан Алимханов катышты, ал ушул мекеменин балдарына автомат машинканы сатып алуу үчүн Борбордун директору Асанова Айзадага “Айыл Банк” ААКтын атынан спонсордук жардам түрүндө 20 000 сом, ошондой эле Сокулук филиалынын кызматкерлеринин атынан конфеттерди жана таттуу белектерди тапшырды.
Майрамга карата балдар майрамдык концертти уюштурушту.

 

Ошондой эле “Айыл Банк” ААКтын Беловодский филиалынын башчысы Канатбек Арисов, бир жылдын ичинде 300 бала дарыланган “Родничок” балдар психоневрологиялык санаторийдин эсебине жана 50 майып бала дарыланган Чүй облусунун Москва районунун майыптар коомдук бирикмесинин эсебине 1 июнь күнү акча которду. Анын сөзү боюнча, Айыл Банк жылда жардам көрсөткөнү үчүн алар чоң ыраазычылык билдирди.

Нарын облусу

 Ошондой эле “Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалынын кызматкерлери Балдарды коргоо күнүнө карата Нарын районунун бардык айылдары боюнча жетим балдарды куттуктоо үчүн маршрут уюштурушту. Нарын райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы берген тизмеге ылайык жетим балдарга белектер берилди. Иш кагаздарды жүргүзгөн катчы Гулина Аманжолова жана насыяларды тескөө-башкаруу секторунун адиси Марат Бакасов бардык айылдарга барып, балдардын туугандары жана соц. педагогдору менен жолугушту. Гулинанын сөзү боюнча: “Бардык балдар абдан сүйүнүп, бизди жылуулук менен тосуп алышты. Аягында алар менен сүрөткө түштүк. Биз көңүл бурганыбызга балдар абдан сүйүндү, себеби аларга ата-энелик мээрим жетпей жатат. Балдар сүйүнгөнүнө биз дагы абдан кубандык”,- деп Гулина кошуп кетти.

 

Талас облусу

Талас филиалынын башчысы Дамирбек Сапаров жамааты менен бирге мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын ата-энелеринин “Бекнур” коомдук бирикмесинин жетим балдарына жана майып балдарына жардым көрсөтүштү.

Банктын Кара-Буура филиалы “Аяр-Жан” балдар борборуна акча каражаттарды которду, ал жерде психикасы бузулган балдар дарыланат.

Джалал-Абад облусу

Айыл Банктын Жалал-Абад филиалы Сузак районунун Ж.Бокомбаев атындагы балдар үйүнө материалдык жардам көрсөтүштү.

“Айыл Банк” ААКтын Кербен филиалынын башчысы Жеңишбек Кожомкулов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын суранычы боюнча №2 “Келечек” бала бакчанын балдарына оюнчук тапшырды. Бул бала бакчада 290 бала тарбияланат.

Базар-Коргон филиалынын жамааты Базар-Коргон айылынын №18 “Периште” бала бакчага килем сатып алууга көмөктөштү.

Токтогул филиалы дагы четте калган жок, 4 жетим балага акчалай жардам көрсөтүп, “Достук” бала бакчанын балдарын жана жамаатын куттуктады.

Баткен облусу

Лейлек филиалынын башчысы Анарбек Мажитов жамаатынын атынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга жардам көрсөттү.

“Айыл Банк” ААК бардык муктаж болгон балдарга жардам көрсөткөнүн белгилеп кетүү зарыл.. Мындай балдар коомдун жардамына жана колдоосуна муктаж! 

 

 

 

 

 

← Тизме боюнча артка