“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов Минск шаарында өткөрүлгөн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөт аралык комиссиянын отурумуна катышты

07.06.2017

Отурумдун жүрүшүндө ар кайсы тармактарда өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.   Атап айтканда, айыл чарба жана агро өнөр жай  тармагында “Айыл Банк” ААК менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Келишимди ишке ашыруу боюнча ишти улантууга Кыргызстан менен Беларусь Республикасы макулдашышты.  Бул  келишимде  Беларусь Республикасында чыккан товарларды Кыргызстанда сатып алуу үчүн, так айтканда КРдин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн табыштамалары боюнча Беларусиядан чыккан айыл чарба техникасын жана жабдууларды (ЕАЭСтин Кризиске каршы каражаттарынан АКШнын 20 млн долл. суммасында инвестициялык насыянын алкагында) биздин өлкөгө жеткирүү жана аны андан кийин лизингге берүү үчүн насыялоонун шарттары жөнүндө айтылган.  

Беларусь Республикасынын Өкмөтү менен “Айыл Банк” ААКтын ортосунда 2016-жылдын 27-майында түзүлгөн макулдашуунун алкагында, Банктын насыялоо саясатынын талаптарына ылайык, туруктуу иштеп жаткан бизнеси бар болгон чакан жана орто бизнестин субъектилери үчүн “Беларусь -кредит” насыя багыты ачылганы жөнүндө эске салабыз. Бул насыя багыты жылдык 12 % менен 5 жылдык мөөнөткө Беларусиядан чыккан айыл чарба техникасын сатып алуу үчүн  насыяларды алууга мүмкүнчүлүк берет.  Мисалы, “Беларусь” тракторлору,  жер семирткичтерди берүү үчүн машиналар, тоюттарды даярдоо, сактоо жана берүү  үчүн машиналар, дан жыйноочу жана тоют жыйноочу техника ж.б.  


 

← Тизме боюнча артка