Электрондук акча боюнча кызмат өлкөбүздүн алыскы райондорунда дагы жеткиликтүү болот

01.06.2017

“Айыл Банк” ААК жакынкы арада “Береке” электрондук капчыкты өндүрүүнү пландаштырды, ал ар кандай товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө, ошондой эле каалаган мезгилде акча каражаттарды жеңил жана жөнөкөй жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

180 түйүндөн турган аймактык тармагына ээ болгон Айыл Банк, Кыргызстандын бүт аймагы боюнча, алыскы аймактарды камтуу менен, “Береке” электрондук капчыкты таратууну пландаштырды. Бул төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө гана эмес, алыскы райондордун калкын жаңы тейлөө кызматтарына үйрөтүүгө жана алардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Калктын, өзгөчө өспүрүмдөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу менен бирге биз өлкөбүздүн келечегине чоң салым кошуп жатабыз.

Каалаган мезгилде, кезекке турбай, “Береке” электрондук капчыктын пайдалануучулары коммуналдык кызматтарды, уюлдук байланышты, интернетти, салык төлөмдөрдү жана Социалдык фондунун камсыздандыруу төлөмдөрүн жана насыяны төлөй алышат, ошондой эле “Элкарт” төлөм картасын толуктай алышат.

SMS-билдирүүлөрдүн жардамы менен Сиз “Береке” капчыгындагы чыгашаларыңызды көзөмөлгө аласыз.

“Береке” электрондук капчыктын жардамы менен финансыны башкаруу оңой!

 

 

 

← Тизме боюнча артка