Каракол шаарында “Айыл Банк” ААКтын каржылоосунун аркасы менен “Карагат” мейманканасы ачылды

03.06.2017

Премьер-министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө өлкөдө, аймакта туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө айтып, ал үчүн туризмдин инфраструктурасын жакшыртуу зарылчылыгын баса белгиледи. Мындан тышкары, Сооронбай Шарипович “Карагат” мейманканасын каржылоодо колдоо жана көмөктөшүү үчүн жана ишкердикти колдоо үчүн “Айыл Банк” ААКтын өкүлү Кайрат Маматовго алкыш айтты.

“Карагат” мейманканасынын ээси М.Т. Турсунбеков “Айыл Банктан” “Пайдалуу” багыты боюнча эки транш менен насыяларды алганын белгилеп кетүү зарыл. Жана эки жылга жетпеген мезгилдин ичинде, кардардын талаптарына жооп берген заманбап мейманкананы курду. Мейманкана 7 кабаттуу, 150 кишиге 54 номери бар.

← Тизме боюнча артка