“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова Нарын жана Ысык-Көл облусунун алыс жайгашкан айылдардын мониторингине катышты

22.05.2017

18-май күнү Нарын облусундагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөр аппаратынын жетекчилери менен, ошондой эле Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын акими менен жолугушу болуп өттү, анда Ак-Талаа районунун алыскы калк конуштарды банктык жабдыктар менен жабдуу маселелери каралды.

Ак-Талаа районунун акими С.М.Черикбаевдин сөзү боюнча: “Эмгек акылар жана пенсиялар төлөнгөн учурга Ак-Талаа районунун алыскы айылдарынын тургундары, банкоматтардын жоктугуна байланыштуу, Баетово райондук борборуна келүүгө мажбур болушат, ал жерде РСК Банкынын бир банкоматы жана Айыл Банктын бир банкоматы орнотулган. Төлөмдөр жүргүзүлгөн мезгилде банкоматтарга көптөгөн адамдар кезекке туруп калат”.

Ак-Талаа районунун Баетово айылына Айыл Банк кошумча дагы бир банкоматты орнотору жөнүндө “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары билдирди. Мындан тышкары “Кыргыз почтасы” МИ менен POS-терминалдарды орнотуу жөнүндө иш жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө кошумчалады. Ошондой эле Константиновка айылында пенсионерлердин пенсияларын накталай эмес төлөп берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылып баштады. Почта бөлүмүндө банктык төлөм картасынан акча каражаттарды накталай берүү боюнча кардарларды тейлөө үчүн POS-терминал орнотулган, ушундай долбоорду Ак-Талаа районунда ишке ашырууну сунуштады.

 

19-май күнү Ысык-Көл облусунун администрациясынын аппарат жетекчиси Э.А.Кененбаев менен жолугушуу болуп өттү.

 Ысык-Көл облустук администрациясы төлөмдөрдү накталай эмес эсептешүүлөргө которуу боюнча активдүү ишти жүргүзүп жатканы жөнүндө Э.А.Кененбаев маалымдады. Бардык дарыканаларда POS-терминалдар орнотулду, АЗСтерде дагы POS-терминалдарды орнотуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Өзгөчө көйгөйлөр деле жок, алыскы айылдарды санабаса, банкоматтар жетиштүү, айылдарда жашагандар райондук борборлорго келип акча алышат.

Каракол, Балыкчи, Боконбаево, Чолпон-Ата, Ананьево шаарларында Айыл Банктын банкоматтары бар болгону жөнүндө Гульчехра Камчибекова баяндады. Мындан тышкары, Кызыл-Суу, Барскоон жана Кара-Коо айылдарында жакында үч жаңы банкомат орнотулду. 2017-жылдын бюджети менен Тюп шаарчасында банкоматтын орнотуусу каралган. Ошентип, Айыл Банк көбүнчө райондук борборлорго банкоматтарды орнотту, ал төлөм карталар боюнча накталай берүү көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берет.

 

Бул иш чара КРде накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында болуп өттү.

 

«Айыл Банк» ААКтын Пресс-кызматы

 

 

 

← Тизме боюнча артка