“Айыл Банк” ААК AКИpress маалыматтык агенттиктин версиясы боюнча “Эң жакшы банк 2016” рейтингинде экинчи орунду ээледи

02.06.2017

 

Абсолюттук жана салыштырмалуу көрсөткүчтөрдүн жыйынтыктары боюнча Айыл Банк экинчи орунду ээледи. Банктын атынан сыйлыкты Башкармалыктын Төрагасы Мурат Акимов алды. Өзүнүн сөзүндө Банктын жетекчиси: “Мындай жыйынтык Банктын кызматкерлеринин, Башкармалыктын жана Директорлор кеңешинин биргелешкен ишинин натыйжасында болду”. – деп белгиледи. “Мындай үзүрлүү иш үчүн жамаатыбызга чоң ыраазычылык билдиргим келет”, - деп Төрага кошумчалады.
Мындай рейтингдерди АКИpress 2002-жылдан бери өткөрөт. Быйыл бул рейтинг 15 жолу өткөрүлүп жатат – бул өзүнчө бир маараке деп айтсак болот.

 

← Тизме боюнча артка