“Айыл Банк” “Айыл-Агро 2017” Эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

17.05.2017

Быйыл заманбап айыл чарба машина куруунун жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн негизги аянттын ийгиликтүү ишинин 5-жылдык мааракеси белгиленди. Быйылкы көргөзмөнүн ишине 10 өлкөдөн келген 30 фирма катышты, алар талаа иштерине, мал чарбачылыкка, дыйканчылыкка дайындалган айыл чарба техникасын сунуштады.

КРдин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүндө, акыркы жылдары Өкмөт тарабынан өлкөнүн айыл чарба тармагын техникалык жабдуу боюнча активдүү иш жүрүп жаткандыгын белгилеп кетти. “Акыркы 5 жылдын ичинде “Айыл Банк” ААКтын лизинг программасы аркылуу 2,2 млрд. сом суммасына 2 миң айыл чарба техникасы дыйкандарга берилди”, - деп премьер-министр баса белгиледи. “Бул багыттагы ишти улантабыз. Лизинг программасынын өнүгүүсүнө 1 млрд сом караштырылды”, - деп Өкмөт башчысы ишендирип кетти.

Көргөзмөгө “Айыл Банк ” лизинг продуктылары жөнүндө стенд даярдады. “Айыл Банктын” стендинде Урмат Акматов башында турган Лизинг бөлүмүнүн кызматкерлери лизингдин түрлөрү жана пайыздык чендери жөнүндө, күрөөнүн өзгөчөлүктөрү жана лизингдин негизинде насыяны алуунун шарттары жөнүндө толук маалыматты беришти. Мындан тышкары республиканын фермерлери көргөзмөнүн өзүндө айыл чарба техникасына насыяларды атайын жеңилдетилген шарттарында алууга мүмкүнчүлүк алышты.

“Айыл-Агро 2017” көргөзмөсүн өткөрүү - айылдагы техника паркын жаңыртуунун темптерине жана сапатына өз таасирин тийгизет. Аны ишке ашыруу үчүн быйыл Айыл Банк аркылуу лизингге 330 айыл чарба техникасынын берилиши пландаштырылууда.

Кызыккан адамдардын баарын “Айыл-Агро 2017” көргөзмөсүнө “Айыл Банктын” стенди менен таанышууга чакырабыз. “Айыл-Агро 2017” көргөзмөсүнүн иши 19-майга чейин улантылат.

 

 

← Тизме боюнча артка