“Айыл Банк” футзал боюнча банктар аралык мелдешке катышты

16.05.2017

Жыл сайын жазында банктардын жана финансы-насыялык мекемелердин ортосунда футбол боюнча турнир өткөрүлөт. Быйыл турнир

“Айыл Банктын” командасы В тобунда, ага төмөнкү командалар кирди: «Азия Банк», «Мол булак», «РСК банк», «АКБ Кыргызстан», «Бакай банк», «Компаньон Банк», «Кыргызкоммерцбанк», «Демирбанк» жана «АБН» МФК.

6 оюндун жыйынтыгы боюнча “Айыл Банк” эки жеңишке ээ болду, эки жолу тең чыкты жана эки жолу утулду. Жана 8 упай менен өзүнүн В тобунда 6-орунду ээледи.

6 оюндун жыйынтыктары:

16-апрель: Айыл банк-Бакай банк 4:9

23-апрель: Айыл банк -Мол булак 3:3

1-май: Айыл банк — Азия банкы 1:4

6-май: Айыл банк – Компаньон банкы 8:3

7-май: Айыл банк- Кыргызкоммерцбанк 3:2

14-май: Айыл банк- АКБ Кыргызстан 2:2


 

Дагы төмөнкү оюндар калды:

20-май саат 10.45 РСК банк менен

21-май саат 14.00 Демир банк менен

27-май саат 16.45 "АБН" МФК менен

“Айыл Банк” командасынын мелдештин кийинки оюндарына кирүү мүмкүнчүлүгү бар. Аларга жеңиштерди гана калайбыз!!!

 

 

← Тизме боюнча артка