“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунун табигый кырсыктан жабыр тарткан тургундары менен жолукту.

26.05.2017

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Так айтканда, 2017-жылдын 24-май күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунун жабыр тарткан тургундары менен жолугушу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кара-Тейит, Кара-Мык, Жекенди жана Шибээ айылдарынын жабыр тарткан тургундарына колдонуудагы насыялар боюнча өзгөчө жеңилдиктер берүү маселелери көтөрүлдү, керектөө максаттарына насыяларды берүү мүмкүнчүлүктөрү, так айтканда оңдоо - калыбына келтирүү иштерге курулуш материалдарды сатып алуу, ошондой эле субсидияланган насыяларды берүү маселелери каралды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ушул айылдарда учурда 127 насыя бар, анын ичинен IV категориядагы жабыр тарткандар катары ӨКМнин тизмесине 62 кирди. Жогоруда айтылган айылдардын зайымчылары менен жолугушуунун натыйжасында, 29 зайымчынын үйүндө дубалдардын жана шыбактын чоң эмес жаракалары пайда болгону аныкталды. Айыл Банк тарабынан бул үйлөр каралып чыкты, жана алардын насыяларын төлөө боюнча жеңилдетилген шарттар сунушталды. Зайымчылардын суроо-талаптары ар кандай болгондуктан (мөөнөтүн жылдыруу, узартуу, пайыздарды төмөндөтүү), аларга Банкка арыз менен жеке кайрылуу сунушталды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын февраль айында кар көчкүдөн жабыр тарткан зайымчынын үйүнө барышты. Анын насыясы боюнча пайыздардын кошуп эсептөөсү токтотулду жана азыркы учурда филиалдын Насыя Комитетинин чечими менен насыя боюнча бардык бересени эсептен чыгарып таштоо жөнүндө чечим кабыл алынды, бул чечим Банк Башкармалыгынын кароосуна жөнөтүлдү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2017-жылдын 25-май күнү Ош облусунун Өзгөн районунун жабыр тарткан тургундары менен жолугушуу болуп өттү Курбу-Таш, Аюу жана Ничке-Сай айылдарынын жабыр тарткан тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө ушул эле маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары жабыр тарткан тургундар насыяларды эсептен чыгарып таштоо маселелерин коюшту. 86 жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн ичинен Банктан насыяны алган 4 зайымчынын үйлөрү жана сарайлары жер көчкүнүн астында калды. Ошону менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү жана малы жабыр тарткан эмес. Ничке-Сай айылынын бир зайымчынын үйү кооптуу зонада жайгашкан, ал башка жерге көчкөн жатат. Ушул зайымчылардын насыялары боюнча пайыздардын кошуп эсептөөсү токтотулду жана насыялардын негизги суммасын төлөө боюнча мөөнөтү жылдырылды. Банк Башкармалыгы ушул насыяларды эсептен чыгарып таштоо жөнүндө маселелерди карап жатат.

 

 

← Тизме боюнча артка