Токмок филиалынын кызматкерлеринин кайрымдуулук акциясы

12.05.2017

        4-май күнү Айыл Банктын Токмок филиалынын кызматкерлери “Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коомунун Токмок окуу-өндүрүш ишканасынын” мүчөлөрүнө тамак-аш түрүндө материалдык жардам көрсөттү.  Кайрымдуулук баштыгына ар кандай керектүү азык-түлүк салынды. Токмок филиалынын жетекчиси Нарынбек Токтогулов мындай иш чаралардын дайыма өткөрүлүп жатканын белгилеп кетти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


 

 

 

 

 

 

“Мисалы, 2015 жана 2016-жылдары 9-май күнү биз Ата Мекендик согуштун ветерандарын куттуктап, жетим балдарга жардам көрсөттүк.  2016-жылы оорулуу балдар жашаган №2-интернатка жардам бердик. Ошондой эле 1-июнь күнүнө карата аларга кайрымдуулук акциясын өткөрдүк.  Келечекте дагы биз колубуздан келген жардамды көрсөтүп турабыз”, - деп Нарынбаек Токтогулов ишендирип кетти.

 

 

← Тизме боюнча артка