АЙЫЛ БАНК БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫНА КАТЫШТЫ!

27.03.2017

Айыл Банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы - 2017” (Global Money Week - 2017) глобалдуу долбоорго катышты. Бүгүн 2017-жылдын 28-мартында Айыл Банк республиканын бардык аймактарында Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул күнү Айыл Банктын бөлүмдөрүнүн бардык эшиктери окуучулар, студенттер, жетим балдар, жарды жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөн балдар үчүн ачык болду. Уюштурулган экскурсия банктын иштегенин ичинен көрүүгө жана банк кызматтары жөнүндө түшүнүк алууга окуучуларга мүмкүнчүлүк берди. 

Финансылык сабаттуулук жөнүндө кененирээк түшүнүк алуу максатында бетачарлар өткөрүлдү, семинарлар, интерактивдүү сабактар жана конкурстар болуп өттү, мында акчаны үнөмдөп чогултуу маданиятынын жогорулатуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Банктын 32 филиалында, ошондой эле жергиликтүү мектептерде өткөрүлгөн иш чаралар көңүлдүү жана ынтымактуу чөйрөдө болуп өттү, көптөгөн суроолор, тамашалар жана утуштар болду. Мектептердин мугалимдери банктын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жаңы кездешүүлөр болооруна ишеним көрсөтүштү.

Айыл Банктын кызматкерлеринин аркасы менен, ушул иш чаранын алкагында, мектеп окуучулар жана студенттер каржы сабаттуулукту жогорулатуу боюнча курсту өтүштү. Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы ар бир окуучуда жакшы ойлорду жаратты жана көңүлдө из калтырды деп жана алар келечекте КРдин финансы жагынан сабаттуу жарандар болот деп ишенебиз.

Маалымат үчүн: 2017-жылдын 27-мартынан 2-апрелине чейин Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” (Global Money Week) фестивалы өткөрүлөт. Бул жаштардын арасында каржы сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жылда өткөрүлгөн эл аралык билим берүү иш чарасы. Иш чаранын демилгөөчүсу балдарга жана жаштарга финансылык билим берүү эл аралык уюму (Child & Youth Finance International) болду. Фестивалдын алкагында, бүткүл дүйнө боюнча балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу темасына конкурстар, оюндар, лекциялар, бетачарлар, ачык эшиктер күнү, тренингдер, дискуссиялар өткөрүлөт.

 

← Тизме боюнча артка