“Айыл Банк” ААКтын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйыны

17.03.2017

2017-жылдын 17-мартында “Айыл Банк” ААКтын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйыны болуп өттү.

Акционерлердин Жылдык Жалпы жыйынында 2016-жылдын накта кирешесин төмөнкүдөй бөлүштүрүү чечими кабыл алынды:

- 100 000 000 сомду түзгөн 33,6%ды “Айыл Банк” ААКтын жөнөкөй акциялары боюнча дивиденддерди төлөп берүүгө;

- 161 360 000 сомду түзгөн 54,3 %ды “Айыл Банк” ААКтын жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтүүгө жөнөтүү;

- 24 094 000 сомду түзгөн 8,1 %ды “Кумтор-Чакан” насыя продуктысынын Өнүктүрүү фондуна жөнөтүүгө;

- 11 962 177 сом 28 тыйынды түзгөн 4,0%ды лизингдин Өнүктүрүү фондун толуктоого жөнөтүү.

Ошону менен бирге “Айыл Банк” ААК чыгарган жөнөкөй акциялардын жалпы саны 208 367 нуска болду, ар бирисинин жайгаштыруу баасы (номиналдык наркы) 10 000 сом, ошону менен Банктын жалпы уставдык капиталы 2 083 670 000 сомду түздү.

 

Мындан тышкары, төмөнкү маселелер каралды:

- 2016-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын финансы отчёттуулуктун аудитинин жыйынтыктары боюнча тышкы аудитордун отчёту бекитилди;
- 2016-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын каржы-чарбалык ишинин жана бюджетти аткаруунун жыйынтыктары жөнүндө Башкармалыктын отчёту жана 2016-жыл үчүн “Айыл Банк” ААКтын кирешелеринин жана чыгашаларынын балансы жана эсептери боюнча ишмердүүлүктүн жылдык жыйынтыктары бекитилди;

- “Айыл Банк” ААКтын Уставынын жаңы редакциясы бекитилди;

- Банктын айрым ички документтерине өзгөртүүлөр киргизилди;

- “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин 2016-жыл үчүн отчёту бекитилди.

“Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңеши мурунку курамында шайланды:
- Маматов Кайрат Адамкалиевич; 
- Кулов Темирбек Асаналиевич;
- Атакулов Абай Болотбекович;
- Мамытов Нурлан Токтобекович;

- Омуралиев Канатбек Эсенгулович.

Ошондой эле төмөнкү курамда Аудит боюнча комитет шайланды:
- Кулов Темирбек Асаналиевич;
- Мамытов Нурлан Токтобекович;

- Омуралиев Канатбек Эсенгулович.

2017-жылга карата тышкы аудитор болуп «КПМГ Бишкек» ЖЧК шайланды, 2017-жылга карата Айыл Банктын бюджети бекитилди.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча Банк көптөгөн финансы көрсөткүчтөр боюнча олуттуу натыйжаларга жетишти жана Кыргыз Республикасынын биринчи төрт банктын ичине кирди. Ошентип, Банк насыя портфели боюнча 1-орунду, уставдык капитал боюнча 1-орунду, таза пайда боюнча 2-орунду, активдер боюнча 4-орунду ээледи.

2017-жылдын 1-январына карата Банктын активдери 17,8 млрд. сомду, ал эми насыя портфелинин өлчөмү 12,5 млрд. сомду түздү. Ошону менен бирге насыяларды кайтаруу деңгээли 97,6%дан ашык болду. 2016-жыл үчүн Банктын накта пайдасы, 2015-жылга караганда 46,7 млн. сомго көбөйүп, 297,4 млн. сомду түздү.

 

← Тизме боюнча артка