Филиалдык тармактын ишин оптималдаштыруу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү максатында «Айыл Банк» ААКсы «Кадастр» көчмө кассаларынын ишин этабы менен токтото баштайт.
Жабуу белгиленген мөөнөттөрдө, аймактык жайгашууну жана учурдагы жүктөмдү эске алуу менен, этап этабы менен жүргүзүлөт.
Кардарлар Кадастр кызматтары үчүн төлөмдөрдү төмөнкү ыкмалар менен жүргүзө алышат (накталай жана накталай эмес түрдө) Кадастр бөлүмдөрүндө:
– мобилдик тиркемелер аркылуу QR-код менен;
– орнотулган төлөм терминалдары аркылуу накталай акча менен;
– ошондой эле «Айыл Банк» ААКнын жакынкы филиалдарында жана сактык кассаларында.
Ишмердүүлүгүн буга чейин токтоткон же жакын арада токтото турган көчмө кассалардын толук тизмеси бул посттун каруселинде жайгаштырылган.
Актуалдуу маалымат «Айыл Банк» ААКнын расмий сайтында да жеткиликтүү.
https://ab.kg/guarddog/laravel-filemanager/files/shares/kochmo-kassalar-toluk-ky-1.doc