Visa Infinite картынын ээлери үчүн VIP-залга кирүү шарттарындагы өзгөрүүлөр

26.12.2025

Visa Infinite картынын ээлери үчүн VIP-залга кирүү шарттарындагы өзгөрүүлөр

Visa Infinite картынын ээлери үчүн Бишкек шаарынын Эл аралык аэропортунун VIP-залын акысыз пайдалануу шарттарындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалымдайбыз.

 2026-жылдын 15-январынан тартып Visa Infinite картынын ээси VIP-залга акысыз кирүү укугуна ээ болушу үчүн 35 күндүн ичинде (30+5) жалпы суммасы 80 000 сомдон же башка валютадагы эквивалентинен кем эмес сатып алууларды жүргүзүүсү зарыл.

 Маанилүү маалыматтар:

  • Кыргызстан аймагында жана чет өлкөлөрдө POS-терминалдар аркылуу жасалган бардык сатып алуулар, ошондой эле онлайн-төлөмдөр (e-commerce) эсепке алынат;
  • операциялардын саны маанилүү эмес — жалпы сумма гана эсептелет;
  • 35 күндүк мөөнөттүн акыркы 5 күнү эсептөөгө кирбейт.


 Эсепке алынбайт:

  • накталай акча алуу;
  • карта аркылуу акча которуулар;
  • эсеп боюнча операциялар (P2P-которуулар, QR-төлөмдөр, интернет-банкинг аркылуу которуулар ж.б.).


 Мөөнөттү эсептөө боюнча толук маалымат жана мисалдар тиркелген документте жеткиликтүү.

Саякатты пландаштырууда жаңыланган шарттарды эске алууну сунуштайбыз.

Айыл Банк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка