Айыл чарба же атайын техниканын бардык түрлөрүн ислам принциптерине ылайык Айыл Банктын “Ислам терезеси” сунуштаган АБ Иджара аркылуу сатып алыңыз.
«Иджара мунтахийя биттамлик» — бул ислам принциптерине ылайык лизингдин түрү болуп, анда сиз атайын жана айыл чарба техникаларын белгиленген мөөнөткө ижарага аласыз, ижара мөөнөтү аяктагандан кийин техника сиздин менчигиңизге өтөт.
Иджара келишиминин шарттары абдан жөнөкөй жана ачык-айкын:
- Кардар керектүү техниканы тандайт;
- Банк тандалган техниканы сатып алып, анын ээси болуп калат;
- Кардар менен банк белгилүү мөөнөткө «Иджара мунтахийя биттамлик» келишимин түзөт;
- Кардар графикке ылайык ижара акысын төлөйт;
- Ижара мөөнөтү аяктагандан кийин техника сиздин менчигиңизге өтөт.
Каржылоо шарттары:
- Баштапкы төлөм 10%дан башталат;
- Ижара акысынын өлчөмү/үстөк баа: жылына сом менен 9,45%дан, ал эми АКШ доллары менен 4,94%дан жогору;
- Ижара мөөнөтү 7 жылга чейин.
Айыл чарба же атайын техниканы төмөнкү өнөктөштөрдөн тандай аласыз:
asiamotors.kg
howo.kg
ar.kg
atalyk.kg
agrobaza.kg
xinbei.kg
agrotrack.kg
anto.kg
technopremier.kg
xcmg1.kg