Айыл Банк экологиялык демилгелерди колдойт!

11.12.2025

 Айыл Банк экологиялык демилгелерди колдойт!

Бүгүн «Суу, тоо жана мөңгүлөр: Кыргыз Республикасынын туруктуу келечеги» аттуу жогорку деңгээлдеги конференциянын алкагында «Адыгене» жогорку тоолуу илимий станциясына жарым миллион сомго жакын турган атайын HEUCKE ICE DRILL паробурун тапшырдык.

 Бул жабдуу мөңгүлөрдүн учурдагы абалын изилдөөгө жана так маалымат алууга жардам берет. Мөңгүлөр — өлкөбүздүн суу ресурстарынын, айыл чарба жана климаттык коопсуздуктун негизи болгон маанилүү табигый булак.

 Айыл Банктын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджановдун айтымында, экологиялык багыттагы долбоорлорду колдоо жана ESG-демилгелерин өнүктүрүү банктын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

 Конференцияда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү тоолуу экосистемаларды коргоо боюнча биргелешкен чечимдерди талкуулашты.

Айыл Банк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка