«Төлөмдөрдү кабыл алып, миллион утуп ал» акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

04.12.2025

«Төлөмдөрдү кабыл алып, миллион утуп ал» акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Айыл Банктын акциясы жыйынтыкталып, бүгүн финалдык сыйлыктарды тапшыруу аземи салтанаттуу түрдө өттү. Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:
 iPhone 16,
 iPad,
 жана башкы байге — 1 000 000 сом.

Биз башкы байге — 1 000 000 сомдун ээси болгон кардарыбыз Асаналиева Айсулууну,
ошондой эле акциянын бардык жеңүүчүлөрүн чын дилибизден куттуктайбыз!

Акцияга катышкан, «Береке 2.0» тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү кабыл алып, өлкөдөгү санариптик сервистердин өнүгүшүнө салым кошкон ар бир ишкерге ыраазычылык билдиребиз.

Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөр «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Тилек Алимджанов жана Береке 2.0 продукттун иштеп чыгуучулары менен жолугушушту. Иш-чаранын катышуучулары сервис колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, мындан аркы жаңыртуулар үчүн өз ойлорун айтып беришти.

Башкармалыктын төрагасы белгиледи:
«Береке 2.0 колдонуучуларынын саны тездик менен өсүүдө жана биз колдонмону өнүктүрүү боюнча активдүү иштеп жатабыз. Кызматтарды жакшыртуу менен пайдалуу функцияларды кошуудабыз. Биз үчүн бул — башталышы гана. Береке мындан ары да өнүгүп, өлкөнүн жеке ишкерлери үчүн дагы көп пайда алып келет».

Айыл Банк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка