Бүгүн, 3-декабрь Бүткүл дүйнөлүк ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү. Бул күн ар бир мүмкүнчүлүгүнөн чектелген жарандарга кам көрүү, колдоо жана алар үчүн мүмкүнчүлүк түзүү абдан маанилүү экенин эске салат.
Айыл Банк Нарын шаарындагы «Мейкин» реабилитациялык борборуна балдардын машыгуу, эс алуу жана калыбына келүү шарттарын жакшыртуу үчүн жаңы эмеректерди даярдап, тапшырды.
Биз жакшы иштер дүйнөнү сактайт деп ишенебиз . Социалдык жана кайрымдуулук багытындагы демилгелерди колдоо — биздин маанилүү милдетибиз. Айрыкча көңүл бурууга муктаж болгон жарандарга жардам берүүнү мындан ары да улантабыз.
Коомубузда ар бир адамга карата урмат, камкордук жана жылуу мамиле күчөй берсин .
Айыл Банк — сизге жакын.