«Айыл Банк» ААКсы эл аралык Mastercard компаниясынын «Туруктуу өсүүнүн лидери» наамына ээ болду. Бул сыйлык банктын финансылык секторду өнүктүрүүдө, инновациялык продуктыларды киргизүүдө жана туруктуу бизнес-практикаларды бекемдөөнүн маанилүү жетишкендигин тастыктайт.
Эл аралык өнөктөш тарабынан берилген бул баа Айыл Банктын стратегиясынын туруктуулугун, кардарларга жана бизнеске жеткиликтүү санариптик кызматтарды кеңейтүү, региондорду колдоо багытындагы аракеттерин ырастайт. Сыйлык ошондой эле кардарлардын жана өнөктөштөрдүн ишенимин, банк тарабынан заманбап жана ыңгайлуу финансылык чечимдерди системалуу иштеп чыгуу таанылышын көрсөтөт.
«Айыл Банк» туруктуу өнүгүү багытында позициясын бекемдеп, экономика өсүшүнө өбөлгө түзгөн продукттарды жана кызматтарды өнүктүрүп келет, накталай эмес төлөмдөрдү жайылтууда жана жооптуу корпоративдик маданиятты өнүктүрүүдө салымын кошууда.
«Биз Mastercard компаниясына ишибизге көрсөткөн жогорку баасы жана ишеним үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул сыйлык биздин туура багытта келе жаткандыгыбызды тастыктайт жана биз Кыргызстанда финансылык экосистеманы өнүктүрүүнү, ESG принциптерин жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү улантабыз», — деди Башкармалыктын төрагасы Тилек Алимджанов.