Урматтуу кардарлар!

02.12.2025

Учурда адистерибиз системанын ишиндеги мүчүлүштүктөрдү жоюу жана сервистин туруктуу ишин калыбына келтирүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. Биз жагдайды тыкыр көзөмөлдөп, кызматты мүмкүн болушунча тез арада кайра ишке берүү үчүн бардык күч-аракетибизди колдонобуз.

Кардарларга маалымат:

  • Техникалык иштер жүрүп жаткан мезгилде Astrasend аркылуу акча жөнөтүү жана алуу убактылуу жеткиликсиз;
  • Банктын башка кызматтары жана сервистери кадимки тартипте иштеп жатат;
  • Техникалык мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин сервис толук кандуу ишин кайра улантат.

Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөргө ыраазычылык билдиребиз.

← Тизме боюнча артка