Айыл Банк Эркиндик 46 дарегиндеги сактык кассасы өз иши токтотту
«Айыл Банк» ААКсы кардарларына Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 46 дарегинде жайгашкан №048-31-77 сактык кассасы 2025-жылдын 1-декабрынан тартып өз ишин токтотконун расмий түрдө маалымдайт. Бул чечим филиалдык тармакты оптимизациялоого жана банк ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган.
Сактык кассасынын иши токтотулганы менен, кардарлар үчүн банк кызматтарына жеткиликтүүлүк толук бойдон сакталат. Бардык операцияларды Айыл Банктын башка бөлүмдөрүнөн, ошондой эле банктык мобилдик тиркеме жана онлайн-банкинг аркылуу жүргүзүүгө болот.
Айыл Банк кардарларына ыңгайлуу, коопсуз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү мындан ары да улантат.