Айыл Банктын «Ислам терезеси» департаменти Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте Талас облусунун имамдары үчүн окуу семинарын өткөрдү.
Иш-чаранын темасы — «Исламдык банкингдин негиздери» болду. Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча маалымат алышты:
• исламдык банкингдин принциптери жана анын салттуу банк системасынан айырмачылыктары;
• ислам каржылоо продукттары, депозиттер, «Кард» эсептери жана төлөм карттары;
• финансылык кызмат көрсөтүүдө шарият талаптарынын өзгөчөлүктөрү.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Кийинки семинарлар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.