Айыл Банк ата мекендик өндүрүштү модернизациялоону каржылады

11.11.2025

Айыл Банк ата мекендик өндүрүштү модернизациялоону каржылады

Бүгүнкү күндө «Бек Кабель» — Кыргызстандагы ЕАЭБ талаптарына шайкештик сертификатына ээ болгон кабель жана зым чыгаруучу жалгыз завод. Бул — чыгарылган продукциянын жогорку сапатынын далили жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн базарына чыгууга болгон чоң кадам.

 Ишкананын ийгигине Айыл Банк маанилүү роль ойноду — ал «Бек Кабелдин» стратегиялык өнөктөшүнө айланды. Банк лизинг жана кредиттик каржылоону камсыз кылып, анын аркасында компания өндүрүш кубаттуулугун кеңейтип, жабдууларын жаңылап жана Россия, Казакстан, Өзбекстандан чийки заттын туруктуу жеткирүүсүн камсыздай алды.

 Айыл Банктын өз убагындагы колдоосунун аркасында «Бек Кабель» ички рыноктогу ордун бекемдеп, атаандаштык деңгээлин жогорулатууга жетишти.

 Ушундай ишканаларды колдоо менен Айыл Банк ата мекендик өнөр жайдын өнүгүшүнө, жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстан экономикасын чыңдоого салым кошууда.

← Тизме боюнча артка