Айыл Банк «Кыргызавтожол» автопаркын жаңылоого көмөк көрсөттү!

06.11.2025

 Айыл Банк «Кыргызавтожол» автопаркын жаңылоого көмөк көрсөттү!

«Улуттук авто» мамлекеттик программасынын алкагында жылдык 8% жеңилдетилген чен менен Айыл Банк «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын автопаркын жаңылоону каржылады, жалпы сумма — 39,9 млн сом.
 Ишкананын муктаждыктары үчүн 28 жаңы JAC T8 Full унаасы сатып алынды.

Мындан тышкары, «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы үчүн каржылоо бекитилди —
 23 JAC T8 Full унаасы
 2 Chevrolet TRACKER унаасы
жана дагы 7 даана атайын техниканы сатып алуу каралууда.

Жалпы сумма — 50 млн сомдон ашык.
Техника ата мекендик «Тулпар Моторс КР» компаниясы тарабынан алынды. Айыл Банк дайыма ата мекендик өндүрүштү жана жергиликтүү бизнести колдойт.

 Айыл Банктын Башкармалыгынын орун басары Улан Боромбаев белгиледи:
«Айыл Банк дайыма өлкөгө чыныгы пайда алып келчү долбоорлорго катышат. “Кыргызавтожолду” колдоо — инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдордун сапатын жогорулатууга жана трассалардагы коопсуздукту камсыздоого салым кошот».

Автопарк жаңылангандан кийин жол тейлөө кызматтары тез жана эффективдүү иш алып барып, өлкө боюнча жолдордун сапатын жакшырат.

 Айыл Банк — сизге жакын.

← Тизме боюнча артка