АгроТехЭкспо–2025 ийгиликтүү өттү! 

21.10.2025

 АгроТехЭкспо–2025 ийгиликтүү өттү! 

 17–19-октябрь күндөрү Бишкектеги эски аянтта өлкөнүн эң ири агроөнөр жай көргөзмөсү өтүп, иш-чара Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө арналды.

 Айыл Банктын стенди өзгөчө жандуу болду —
иш-чарага миңдеген коноктор, анын ичинде дыйкандар, өнөктөштөр жана борбордун тургундары катышты.

 Биз бардык коноктор үчүн көптөгөн белектерди, кызыктуу оюндарды жана сюрприздерди даярдадык.
Ар бир келген адам банктык продукттар боюнча кеңеш алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

 Биздин стендге келген ар бир адамга ыраазычылык билдиребиз!
Сиздердин кызыгуу менен катышууңуздар иш-чараны көркүнө чыгарды. 
 Айыл Банк инновацияларды өнүктүрүү жана айыл чарбасынын каржылык туруктуулугун чыңдоо аркылуу Кыргызстандагы аграрларды колдоону улантат.

← Тизме боюнча артка