Айыл Банк БАЭ дирхамында акча которууларды сунуштайт!
Айыл Банк Бириккен Араб Эмиратынын алдыңкы каржы уюмдарынын бири болгон Al Fardan Exchange (AFEX) менен келишимге кол койду. Эми Кыргызстан менен БАЭ ортосунда дирхам түрүндө акча жөнөтүп жана ала аласыз.
Кардарлар үчүн жеткиликтүү:
Кыргызстандан БАЭге эсепке же накталай түрдө акча которуу;
БАЭден Кыргызстанга накталай же эсепке акча алуу;
Тез жана ишенимдүү кызмат, атаандаштыкка жөндөмдүү тарифтер менен;
Бул жаңы кызмат БАЭде эмгектенген же өнөктөштүк мамиледе болгон кыргызстандыктар үчүн өзгөчө ыңгайлуу.
«Айыл Банк» ААКсы — 1997-жылдан бери тарыхы бар мамлекеттик банк.
Al Fardan Exchange — БАЭде 50 жылдан ашуун тажрыйбасы бар, акча которуулар жана валюта операциялары боюнча лидер.