Айыл Банк кредиттик продукттардын шарттарын жаңылады — кардарлар үчүн дагы кеңири мүмкүнчүлүктөр!
2025-жылдын 1-июлунан тарта Айыл Банк негизги кредиттик продукттар боюнча жаңыланган шарттарды сунуштайт. Кредиттик шарттар быйылкы жылдын аягына чейин жана онлайн кредиттер боюнча атайын шарттар 2025-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.
Жаңыланган шарттар бардык кардарлар үчүн кредиттик продукттарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган. Максатыңыз фермердик чарбаны өнүктүрүү болобу, бизнес ачуу, турак жай сатып алуу же керектөөгө болобу — эми ылайыктуу кредит алуу кыйла жеңилдеди. Айрыкча аялдарга, өзүн-өзү иш менен камсыз кылгандарга, жаш адистерге жана аймактардагы жашоочуларга колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Кардарларга ондон ашык багыт боюнча көбөйтүлгөн кредит суммалары жеткиликтүү, алардын ичинен:
Онлайн кредит
Онлайн кредит алуу мурдагыдан дагы жеңилдеди. Максималдуу сумма — 250 000 сомго чейин, жылдык чен — 17%, жеке ишкерлер үчүн — 15%. Атайын шарттар 2025-жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.
Ипотекалык программалар
Айыл чарба жана бизнес үчүн АБ Лизинг:
Айыл Банк өз миссиясын улантат — өлкө боюнча каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, аймактардын туруктуу өнүгүшүн колдоо жана адамдарга жашоо сапатын жакшыртууга көмөктөшүү максатында жөнөкөй, адилеттүү жана жеткиликтүү чечимдерди сунуштайт.
Кененирээк маалыматты жакынкы Айыл Банк кеңсесинен же ab.kg расмий сайтынан ала аласыз.
Улуттук банк лицензиясы №048.