Эми Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн Whats App тиркемеси ишке киргизилди

13.01.2017

 Тиркеменин ишке киргизилишинин башкы максаты – кардарлар менен байланышты максималдуу жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, кардар маалыматты заматта алып тургудай түрдө тейлөө сапатын жогорулатуу. Биздин Банк кошумча комфорт жана кардар менен банктын өз ара аракеттешүүсүнүн жаңы, пайдалуу тажырыйбасын түзүүгө максаттайт.

Тейлөөнүн жаңы форматы, Банктын байланыш борбору буга чейин кардарларга көрсөтүп келген кызматтардын катарын толуктайт. Банктын байланыш борборунун кызматкерлери банктык продуктулар жана кызматтар, тарифтер, жумуш шарттамы жана банктын бөлүмдөрү менен банкоматтарынын жайланышы, тигил же бул продуктунун жоболондуруу эрежелери тууралуу маалымат берип турушат. 

 

 

 

← Тизме боюнча артка