Айыл Банк Ысык-Көл облусундагы 42 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга майыптар арабасын тапшырды

26.05.2025

Айыл Банк Ысык-Көл облусундагы 42 мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга майыптар арабасын тапшырды

Айыл Банк Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомдугу менен биргеликте «Гуманизм багытында бирге» аттуу кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Анын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген 42 жаран жаңы, ыңгайлуу коляскалар менен камсыз болду.

 Тапшырылган жардам:
 5 чоңдор үчүн электр коляскасы
 25 механикалык коляска
 12 даана балдар үчүн коляска

Бардык коляскалар — жаңы жана колдонуучуга ыңгайлуу. Жеке келе албаган жарандарга жардам үйүнө жеткирилди.

Иш-чара Каракол шаарында өтүп, ага Айыл Банктын Башкармалыгынын төрагасы Т. Алимжанов жана Кызыл жарым ай коомунун филиал жетекчиси Ж. Кадыралиева катышты.

«Гуманизм багытында бирге» демилгеси ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоого багытталган социалдык стратегиябыздын маанилүү кадамы. Бул жөн гана акция эмес, Айыл Банктын мамлекеттик институт катары карманган негизги баалуулуктарнын чагылышы», — деп белгиледи Башкармалыктын төрагасы.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралар муну менен эле токтобойт. Биз чын жүрөктөн муктаж болгон жарандарга жардам берүүнү улантабыз.

← Тизме боюнча артка