Айыл Банктын май майрамдарына карата иш графиги
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 1-майынан тартып 9-майына чейин узак майрам күндөрүнө байланыштуу «Айыл Банк» ААКсынын бардык тейлөө пункттары жабык болот.
2025-жылдын 10-майынан тарта алты күндүк иш графиги менен иштеген бөлүмдөр өз ишин улантышат.
Ошондой эле, 2025-жылдын 10-майында Ош филиалы техникалык себептерден улам убактылуу иштебейт.
Кардарларды тейлөө төмөнкү даректер боюнча уюштурулат:
№048-08-57 сактык кассасы, Мамырова
№048-08-39 сактык кассасы, Монуева (ВК Ош-Сити)
Май майрамдарыңыздар менен куттуктайбыз! Жакшы маанай, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!