“Айыл Банк” ААК “2016-жылдын эң жакшы шериктеш-банк” аталмасында жеңүүчү

28.12.2016

Бүгүн, 28.12.2016ж., Өкмөттүн “Жеткиликтүү турак жай” Программасынын алкагында, “Мамлекеттик Ипотекалык компания” ААК Банк-шериктештеринин жана банктардын насыялоо боюнча адистеринин сыйлоо аземин өткөрдү.

2016-жылдын кызматташтыгы боюнча, төмөнкү аталмалар боюнча жеңүүчүлөр жарыяланды:

Ипотекалык насыяларды берүү боюнча эң жакшы банк.

Ипотекалык насыяларды берүү боюнча эң жакшы банктын филиалы.

Ипотекалык насыялардын берүүсүн тейлөө боюнча банктын эң жакшы насыялоо адиси.

Алар төмөнкү критерийлер боюнча аныкталды:

- берилген ипотекалык насыялардын саны жана суммасы;

- насыя портфелинин сапаты, төлөп берүү деңгээли.

“МИК” ААК менен кызматташуунун жыйынтыктары боюнча Айыл Банк 11 позиция боюнча белгиленди, жана “Айыл Банк” ААК “2016-жылдын эң жакшы шериктеш-банк” аталмасында жеңүүчү (1-орун) болуп таанылды.

27.12.2016ж. карата, 198,8 млн.сомго 195 ипотекалык насыя берилди.

Ошону менен бирге, төмөнкү филиалдарга төмөнкү аталмалар ыйгарылды:

“Талас облусунун эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Талас филиалы;

“Ысык-Көл облусунун эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Балыкчы филиалы;

  “Нарын облусунун эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Нарын филиалы;

 “Жалал-Абад облусунун эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Токтогул филиалы;

“Баткен облусунун эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Баткен филиалы;

 “Ош шаарынын эң жакшы филиалы” – “Айыл Банк” ААКтын Ош филиалы;

Жеңишке ээ болгон филиалдар атайын композициялары жана эстелик сааттары менен сыйланды.

Ошондой эле ипотекалык насыялардын берүүсүн тейлөө боюнча эң жакшы насыялоо адистери наамына төмөнкү кызматкерлер ээ болду:

“Жалал-Абад облусунун эң жакшы насыялоо адиси” - Асылбеков Марат (Токтогул филиалы);

“Талас облусунун эң жакшы насыялоо адиси” - Сейдикеримов Абил (Талас филиалы);

“Нарын облусунун эң жакшы насыялоо адиси” - Иманкулов Жакып (Нарын филиалы);

“Ош облусунун эң жакшы насыялоо адиси” - Таштанов Максатбек (Ош филиалы).

Жеңишке ээ болгон кызматкерлер МИКтин ардак грамотасы менен жана смартфон менен сыйланышты.

 

← Тизме боюнча артка