Айыл Банктын кызматкерлеринин «Росагролизинг» ААКтын чакыруусу боюнча Москва шаарына иш сапары

02.12.2016

 “Росагролизинг” ААКтын иш тажрыйбасын үйрөнүү максаты менен “Айыл Банк” ААКтын кызматкерлери 2016-жылдын 28-ноябрынан баштап 2-декабрына чейин Москва шаарына иш сапарга барышты.

Иш сапардын жүрүшүндө алар компаниянын уюштуруучулук түзүмү, ишмердүүлүгү жана иш-милдеттери менен таанышышты.

Тажрыйба менен алмашуу процессинде “Росагролизинг” ААК тарабынан жолугушуулар, ар кайсы департаменттердин ишинин, колдонгон ченемдик документтеринин талкуулоосу уюштурулду.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төмөнкү бөлүмдөрдүн жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуулар уюштурулду: айыл чарба техникасынын лизинг департаменти, мал чарбачылыкты жана кайра иштетүү өнөр жайды камсыздоо департаменти, асыл тукум продукциянын жана мал чарба жабдуулардын лизинг башкармалыгы, сатып алуу жана асыл тукум продукциянын лизинг бөлүмү, мал чарба үчүн технологиялык жабдуулардын лизинг бөлүмү, мал чарба жана ветеринария бөлүмү, келишимдик-укуктук башкарууну камсыздандыруу башкармалыгы, соттук доо ишинин башкармалыгы, ЖМК менен жана коомдук уюмдар менен иштөө башкармалыгы, көзөмөлдүк-текшерүү башкармалыгы, материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы, каржы башкармалыгы жана байланыш борбору.

Стажировканын жыйынтыктары боюнча лизинг бөлүмүнүн ишине жаңыланууларды киргизүү зарылчылыгы жөнүндө жыйынтыкка келишти. “Росагролизинг” ААКтын кызматкерлери менен консультациялык жардамды берүү жана түз байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу түзүштү.

 

← Тизме боюнча артка