Колдонмо математика жана маалыматтык технологиялар

30.11.2016

Конкурс 1-курстун студенттери үчүн өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаттары:

- студенттердин таанып-билүү жана чыгармачыл иш-аракеттерин өнүктүрүү;

-  студенттерди өз оюн баяндай билүүгө, жагдайды  моделдөөгө үйрөтүү;

-  “Колдонмо математика жана маалыматтык технологиялар” институтунун бетачары.

       “Колдонмо математика жана маалыматтык технологиялар” институтунун ачуу аземинде институттун директору Таникулов Назар Бакирович сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын гимни аткарылгандан кийин сөз университеттин окуу иши боюнча проректору, э.б.д., профессор Асизбаев Рустам Эмилжановичке берилди.

       Конкурстун алып баруучусу Талантбек уулу Элдос “Колдонмо информатика” кафедрасынын бүтүрүүчүлөрүнө жана конокторуна  сөз берди.

Биринчилерден болуп “Айыл Банк” ААКтын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын бизнес-аналитиги  Москалева Лариса Станиславовна сөз алды. Ал “Айыл Банк” ААКтын маалыматтык технологиялар башкармалыгынын ишин  көрсөттү.

       Бүтүрүүчүлөрдүн атынан Насыров Бакыт, Кожошева Бактыгул, Парфенова Валентина сөз сүйлөштү, алар өздөрүнүн иши жөнүндө, ошондой эле маалыматтык технологиялардын маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Алар “Колдонмо информатика” кафедрасын жана  “Колдонмо информатика жана маалыматтык технологиялар” институтун 20-жылдык мааракеси менен куттукташты.

       Конкурстун алып баруучусу келген конокторду жана катышуучуларды калыстар тобунун мүчөлөрү менен тааныштырды.  Конкурска беш команда катышты.  Конкурстун жыйынтыктары боюнча 1-орунду – “ОКО” командасы, II-орунду – “Заманбап банкирлер” командасы, III-орунду – “YouTube” командасы ээлешти. Калыстар тобунун төрагасы, университеттин биринчи проректору, профессор Р.Э.Асизбаев конкурсту жыйынтыктап, дипломдорду тапшырды. “Айыл Банк” ААКтын атынан белектерди Л.С.Москалева тапшырды.

       Конкурс жакшы абалда өттү жана абдан кызыктуу болду.  Иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүн студенттер, коноктор жана ректораттын өкүлдөрү белгилеп кетишти. 

 

← Тизме боюнча артка