Айыл Банк жана "Айлана" компаниясы менен Өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюу

09.12.2016

Макулдашуунун алкагында өнөктөштөр томаттарды кайра иштетүү боюнча Кошумчаланган Нарктын Чынжырын (КНЧ) комплекстик каржылоосун өндүрүү боюнча күч-аракеттерин бириктиришет. КНЧны комплекстик каржылоонун ушул схемасы КНЧнын бардык катышуучуларына: өндүрүүчү фермерлерге – кайра иштетүү боюнча заводго айыл чарба продукциясын жөнөтүүчүлөргө; заводго; айыл чарба өндүрүшү үчүн химикаттарды, жер семирткичтерди, кызматтарды, жабдууларды жана техниканы жөнөтүүчүлөргө - пайдалуу шарттарда, сом менен, узак мөөнөттүү насыя ресурстарын алууга мүмкүнчүлүк берет. Пайдалуу шарттарда туруктуу каржылоо “Айлана” компаниясы чыгарган продукциясынын атаандаштык жарамдуулугунун жогорулашуусуна жана ушул КНЧнын бардык катышуучуларына кошумчаланган нарктын алуусуна көмөктөшөт.

КНЧны каржылоонун комплекстик схемасын өндүрүү “Business & Finance Consulting” швейцариялык компания Программасынын Консультантынын жардамы менен жүргүзүлөт. Анын техникалык колдоосу, кардарларды тейлөөгө чыгымдарды жана насыялоонун тобокелдерин төмөндөтүүгө жана айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрү жана кайра иштетүүчүлөрү үчүн насыя ресурстарынын наркын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген, алдыңкы банктык технологияларды өндүрүү жолу менен каржы кызматтардын жогорку сапатын камсыздоого багытталган. 

 

 

← Тизме боюнча артка